sandyk
EN RU KY

Колдоо

support@sandyk.app дарегине жазыңыз. Тезирээк түшүнүшүбүз үчүн телефондун моделин, колдонмонун версиясын («Жөндөөлөрдүн» эң ылдыйында) жазып, эмне болгонун айтып бериңиз. Скриншот да көп жардам берет. Кыргызча, орусча жана англисче жооп беребиз.

Көп берилген суроолор

Сүрөттөрүм кайда барат?

«Жөндөөлөрдө» туташтырган серверге. Сервер бир нече болсо, китепкана алардын ортосунда сиз тандагандай бөлүнөт.

Түп нускаларды телефондон алып салдым. Сүрөттү кантип кайтарам?

Аны Sandyk'те ачыңыз, толук нускасы серверден жүктөлөт.

Эмне үчүн iPhone'до орун бошогон жок?

Өчүрүлгөн сүрөттөр дагы 30 күн «Жакында өчүрүлгөндөр» альбомунда жатат. Аны «Сүрөттөр» колдонмосунда тазаласаңыз, орун бошойт.

Телефонумду жоготтум. Сүрөттөр жоголобу?

Жок, алар серверде. Жаңы телефонго Sandyk'ти орнотуп, кириңиз. Шифрлөө күйүк болсо, ачкыч Sandyk аккаунтунан келет.

Өз серверимди кантип орнотом?

NAS, компьютер же VPS'те бир Docker буйругу жетиштүү. Home Assistant үчүн кошумча да бар. Ак IP милдеттүү эмес. Кадам-кадам нускама «Өз сервериңиз» бөлүмүндө.

Аккаунтту кантип өчүрөм?

Sandyk аккаунту «Жөндөөлөр → Аккаунт → Аккаунтту өчүрүү» бөлүмүндө өчүрүлөт. Бир гана сервердеги аккаунтту өчүрүү үчүн «Жөндөөлөр → Серверлерди» ачып, серверди басып, «Аккаунтту жана маалыматты өчүрүүнү» тандаңыз. Эмне өчөрү купуялык саясатында жазылган.

Серверден файлдарды гана кантип өчүрөм?

«Жөндөөлөр → Серверлер», серверди басып, «Маалыматты гана өчүрүүнү» тандаңыз. Аккаунт калат.